• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Чыгармачыл инсандарды камкордукка алуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири болмокчу

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. «Чыгармачыл инсандарга тиешелүү шарт түзүп, камкордукка алуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири болмокчу», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

«Кыргыз эли — байыртадан материалдык байлыкка караганда, ар дайым руханий байлыкты жогору коюп, кастарлап, туу тутуп келген эл!

Бирок соӊку жылдарда интеллектуалдык элитанын төрүн олигархтар ээлеп, руханий байлыкты туу тутуп алып жүрүүчүлөр улагада калганын кантип танабыз! Бул кашкайган чындык!
Айрыкча нарк-насилди алып жүргөн маданият өкүлдөрү моралдык жактан да, материалдык жактан да чөгүп кеткени жашыруун эмес. Мына ошондон улам, „Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө“ Жарлыкты кабыл алып, аны ишке ашырып аткаруунун концепциясын да иштеп чыгып, кабыл алдык. Анын ырааттуу уландысы катары „Улуттук нарк жөнүндө“ Жарлык чыккан.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100 пайызга чейин көтөрүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда.

»Манас« эпосу — байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» — деп Чыңгыз агабыз айткандай, маданияттын башатында турган «Манас» эпосун кеңири жайылтуу максатында манасчыларыбызды мамлекет камкордукка алып, алардын башын бириктирип, өнөрүн тааныта турган «Манас» театрын ачууга жетишти«, — деди Мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге эле Садыр Жапаров „Манас“ эпосунун үчилтигин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалык мурасын иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлык кабыл алынганын кошумчалады.

«Анткени атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовдой жана да кыргыз элинин баа жеткис руханий байлыгына айланган чыгармалары менен белгилүү нечендеген жазуучуларыбыз, кино ишмерлерибиз, сүрөтчүлөрүбүз, дүйнөлүк деңгээлдеги композиторлорубуз, архитекторлорубуз бар экендиги менен сыймыктанабыз.

Ушул жерден ачуу чындыкты да айта кетели. Кийинки жылдарда мамлекет тарабынан чыгармачыл чөйрөгө жеткиликтүү көңүл бурулбай калганын моюнубузга алабыз. Бул кемчиликти жоюш үчүн астыда чукул аракеттер башталмакчы. Чыгармачыл инсандарга тиешелүү шарт түзүп, камкордукка алуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири болмокчу.

Маданият бул мамлекеттин, улуттун биримдиги, түпкү өзөгү жана тамыры экенин аңдап түшүнүү менен элибиздин руханий ишкер-жарчыларына кам көрүүнүн тиешелүү программасы иштелип чыкмакчы.

Антип чыгармачыл инсандарга шарт түзүп, камкордукка алып, мыкты чыгармаларды жазууга шарт түзүп бербесек, руханий жардылыктан суурулуп чыга албайбыз. Ансыз да улуттук баалуулуктар алмашып, учурунда элибиз бекем карманып келген нарк, салт, адеп-абийир, аларды алып жүрүүчү институттар чекесинен жок болуп бара жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Аксакалдар, үй-бүлө, ата-эне жана башка таалим-тарбияны табигый жол менен берип келген бардык нарк институттары бүгүнкү күндө чоң коркунучта!

Билгенге, түшүнгөнгө, аңдаганга бул — чоң коңгуроо жана чоң эскертүү!

Сиздерди да бүгүнкү улуу жыйында улуу руханий, маданий баалуулуктарды кантип калыбына келтиребиз, дал ушул маселелерге көңүл буруп, ой калчоого чакыраар элем!» — деди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий