• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Д.Трамп КР Президентине жер көчкүдө адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 7-май /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, анда мындай делет:

“Америка элинин атынан Ош облусундагы жер көчкүдө каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтууга уруксат этиңиз. Мен бул апаат жана бейкүнөө адамдардын өлүмүнө терең кайгырам. Мындай кыйын мезгилде биз ой-тилектерибиз аркылуу Кыргыз Республикасынын эли менен биргебиз”, -деп айтылат Д.Трамптын телеграммасында.

Ошондой эле, АКШ Президенти трагедиялуу окуяга байланыштуу Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий