• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Дастан Догоевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы — мамлекет башчынын кеңешчиси Дастан Догоевди жана аталган комитетке караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президентке өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

«Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы чечимдерин аткаруу талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформациялоонун натыйжаларын өлкө жарандары күндөлүк турмушунда сезиши керектигин айтты.

Ал белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторун четтетүү маанилүү милдет болуп саналат. Санарип технологияларын өнүктүрүүнүн натыйжасында өлкө калкы жана бизнес үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Дастан Догоев артыкчылыктуу долбоорлор жана жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө санариптик технологияларды киргизүүнүн азыркы абалы жөнүндө маалымат берди.

Ал жакынкы мезгилде 189 мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өткөрүлүп, 500 миңден ашык өлкө жарандары камтыларын жана калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр 30 пайызга кыскартыларын билдирди.

Дастан Догоев өкмөттүн чечими менен санариптештирүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, бул багытта пайда болгон маселелерди ыкчам чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

МТБМКга караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева бүгүнкү күнгө карата 60 мамлекеттик органдар жана ведомстволук бөлүмдөр «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулганын маалымдады.

2018-жылдын июль айында бул системага 18 мамлекеттик органдар кошулган болчу.

Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө карата 24 мамлекеттик органдарда маалыматтардын 71 базасы ишке кирди. Жылдын аягына чейин ишке киргизилген маалымат базалардын саны 80ге жетет. Бул министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы 2 миллионго чукул суроо-талаптарды электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада убакыт жана кагаз сатып алууга кеткен каражат бир кыйла үнөмдөлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков жылдын аягына чейин электрондук форматтагы мамлекеттик кызматтардын санын көбөйтүүнү, «Санарип аймак» программасын ишке киргизүүнү жана мамлекеттик органдар ортосунда санариптештирүү маселелери боюнча байланышты жөнгө салуу ишин күчөтүү милдетин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий