• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга каражат бөлдү

Президент 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн 5 млн сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Буйрукка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине (ар бир министрликке — 2,5 млн сомдон) президентинин резервдик фондунан 5 млн сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий