• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: ЕАЭБдин Санариптештирүү күн тартиби кызматташуунун маанилүү аспектиси болуп саналат

Президент 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. «Өтө жай ишке ашырылып жаткан ЕАЭБдин Санариптештирүү күн тартиби кызматташуунун маанилүү аспектиси болуп саналат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк кызматташтыкты санариптештирүү, товарлардын санариптик көзөмөлүн түзүү, электрондук эмгек биржасы, ошондой эле санарип транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан демилгелер дагы эле ишке ашырыла электигин белгиледи, - деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«ЕЭКке Санариптештирүү күн тартибин ишке ашыруу боюнча процесстерди активдештирүүнү тапшыруу зарыл. Биримдик жаңы технологияларды киргизүүгө, биринчи кезекте товарларды көзөмөлдөөгө жана маркерлөө кылууга көмөктөшүүсү керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия тарапка Кыргыз Республикасында товарларды маркерлөө системасын курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Пикир

Оставить комментарий