• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 21-22-августта мамлекет башчы Нарын облусуна иш сапары менен барат", - деп айтылат маалыматта.

Нарынга болгон иш сапарынын алкагында президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Нарындын инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.

Ошондой эле президент алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий