• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент экология маселесин чечүү боюнча өз оюн айтты

Президент 0

Бишкек, 25.12.19./Кабар/. Бишкектеги экология маселеси курч бойдон калууда. Бул тууралуу Президент Сооронбаев Жээнбеков жыл аягындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Бишкекте экология маселеси бир нече жылдан бери курч турат. Борбордогу ыш маселеси күз-кыш мезгилинде ноябрь, декабрь, январь айларында көтөрүлөт. Бишкек шаарында ички миграция абдан өстү. Шаар өсүүдө. Бишкектин чет жакасында 47 жаңы конуш пайда болду, анда 60 миңден ашык үй-бүлө жашайт. Алардын бардыгы меш колдонот, көмүр жагат, ошондой эле борбордо унаа дагы көбөйдү. Алардын көбүнүн колдонуу мөөнөтү бүткөн. Атмосферага зыяндуу заттар бөлүнүп чыгууда. Шаардагы курулуш иштери да экологияга өз таасирин тийгизет. Бизде пландоо жок. Имараттар башаламан курулган. Мындан тышкары, Бишкек шамал аз тийген жерде жайгашкан. Эс алуу аймактары да азайып кетти. Бул маселени чечүү керек жана аталган багытта иштер жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди ал.

Ал белгилегендей, өлкөдө электромобилдерди көбөйтүү керек. Ошондой эле алдыда электромобилдерди чыгаруучу завод куруу боюнча дагы маселе турат.

Президент кошумчалагандай, Бишкектеги ыш маселесин чечүүнүн дагы бир жолу бул – газдаштыруу. “Газпром” компаниясынын жардамы менен азыркы убакта 300 чакырым түтүк коюлуп, 16 миң үйгө газ киргизилди”,- деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий