• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы экологияны сактоо маселесин талкуулады

Президент 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш багында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө старт берип, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен Луиз Чемберлен жана ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Луиз Чемберлен белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун Глазгодо өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин Саммитинде сүйлөгөн сөзү абдан маанилүү. «Сиздердин экологияны сактоо маселесине ушундай көңүл буруп жатканыңыз абдан маанилүү. Биз мындай демилгелерди колдойбуз», — деди ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү.

Ал Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруусу өлкөдөгү жумушсуздук маселесин чечүүгө оң таасирин тийгизерин белгиледи. Анын айтымында, ПРООН республиканын бул демилгелерин колдойт.

ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Кыргызстандын климатты коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жана «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын колдоорун билдирди.

Мамлекет башчысы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө улуттук өнөктүккө катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо демилгесин колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыра баштаганын белгиледи.

Ал белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүгүнүн 10%ын гана пайдаланууда. Быйыл мамлекет ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруп, Камбар-Ата ГЭСинин курулушун баштоону пландап жатат. Бул сууну үнөмдөө менен чектелбестен, электр энергиясын экспорттоого да шарт түзөт.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле быйылкы жылы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө, жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө, сапаттуу үрөн сатып алууга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Жолугушууга ошондой эле КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов катышты.

Пикир

Оставить комментарий