• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Элди бөлүп-жарууга, туруксуздук кырдаалын жаратууга жол берилбейт

Президент 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Элди бөлүп-жарууга, туруксуздук кырдаалын жаратууга жол берилбейт, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Бул үчүн мамлекеттин күчү, саясий эрк жетиштүү, - деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн президент парламентке келип сөз сүйлөдү.

"Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мыйзамдын талаптары бардык адамдар тарабынан кынтыксыз аткарылышын камсыздоо — мамлекеттин милдети.

Алдамчылардын азгырыгына алдырбагыла, чагымчылдардын аракетине чогуу бөгөт коелу. Айрым күчтөр бул процессти Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тирешүүсү деп жатышат. Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул — коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш. Бул — мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши", - деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы билдиргендей, тилекке каршы, өлкөбүздүн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болду.

"Баары тең мыйзамга баш ийип, тергөөгө келип, сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп, тергөөгө баргандан баш тартты. Элди, жарандарды курмандыкка алып баруудан да кайткан жок", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Ага эки ирет операция жасалды. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий