• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча глобалдык келишим түзүлгөнүн жарыялады

Президент 0

Бишкек, 04.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кумтөр» кенин толук башкаруу жана ээлик кылуу укугуна ээ болду.

Президент Садыр Жапаров түз эфирде элге кайрылуусунда келишимди «тарыхый бурулуш» деп атап, азыркы учурда түзүлгөн шарттар эң мыкты болушу мүмкүн болуп саналарын белгиледи. Ал Кыргызстандын чет элдик инвестицияга ачык экенин билдирди.

Келишимде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, «Центерра» жана «Центерранын» негизги акционери болуп саналган «Кыргызалтын» ААК ортосундагы бардык талаш-тартыштарды так бөлүштүрүү жана чечүү каралган.

Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

• Кыргыз Республикасы жана «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кени үчүн толук жоопкерчиликти алат жана 2021-жылдын 15-майынан кийин кенден алынган кирешени өзүндө калтырат;

• «Центерра» Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын сактоо жана коргоо үчүн 50 миллион АКШ долларын төлөйт;

• «Центерра» «Кыргызалтынга» 11,1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кошумча акчалай төлөм жүргүзөт;

• Мындан тышкары, рекультивациялоо фондуна 53 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү көзөмөл Кыргыз Республикасына кайтарылып берилет;

• «Кыргызалтын» менен «Центерра» акцияларын алмаштырса, «Кыргызалтын» «Центеррадагы» акцияларын кайтарып, КГКнын 100% акциясын алат.

• Келишим ошондой эле, тараптардын өз ара талаптарын толугу менен жана биротоло алып салууну, жоопкерчиликти тааныбастан бардык юрисдикцияларда тараптардын катышуусундагы бардык соттук териштирүүнү токтотууну карайт.

• Келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан алдын ала жактырылган. Министрлер кабинети, «Центерра» жана «Кыргызалтын» ААК келишимге кол коюлгандан кийин 90 күндөн кечиктирбестен жабылат деп күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий