• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты

Президент 0

Бишкек, 29.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго эмне үчүн добуш бергенин айтты.

Өлкө башчысы өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Равшан Жээнбековго добуш бергенин ырастады.

“Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат. Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет”, - деп жазат президент.

Жапаров укук коргоо органдары менен соттун иштерине кийлигишкенге эч кимдин акысы жоктугун белгилейт.

“Мындан ары система жана мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек. Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө. Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин акыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем”, - дейт мамлекет башчысы.

Эскерте кетсек, Равшан Жээнбеков Бишкектеги №26 Ленин округунан 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан. АСУнун алдын ала жыйынтыгын боюнча, аталган округдан Жаныбек Абиров алдыда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий