• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент энергетика тармагындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында энергетика тармагындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди.

"Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу да аймактардын потенциалын жогорулатат. Гидроэнергетика багытын алсак, Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун I фазасы аяктады. Бул иштер толугу менен бүткөндө, ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. Бул дагы бир жаңы ГЭС курулду деген менен барабар иш болот. Токтогул ГЭСин жаңылоо долбоорунан 100 млн доллар үнөмдөлүп, Үч-Коргон ГЭСинин реконструкциясы башталат", - деп маалымдады президент.

Ал Ат-Башы ГЭСинде оңдоо иштери аткарылууда, - деп билдирди.

"Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр улантылууда. CASA 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталууда. Тармактагы жоготууларды азайтуу үчүн АСКУЭ-счетчиктери — акылдуу счетчиктер коюлуп жатат. Эмдиги жылы бардык ири өндүрүш ишканалары жана 3 фазалык абоненттер счетчиктер менен камсыздалат. 2023-жылдын аягына чейин республикадагы бардык көп кабаттуу үйлөргө жана кичи шаарлардын жеке секторундагы үйлөргө акылдуу счетчиктер коюлат", - деп баса белгилеп өттү Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий