• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

— Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары;

— Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды;

— Апышев Адилет Топчубаевич — «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун электро-монтеру;

— Байтиков Курманжан Бурганакович — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Түп райондук электр тармагынын башкы инженери;

— Наркеев Ырысбек Шергазиевич — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын Ат-Башы электр тармактарынын улук диспетчери;

— Өмүралиев Рысбек Адилетович — «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги;

— Сооронбаев Аскар Акылбекович — «Жалалабадэлектр» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:

— Болотбек уулу Алидин — Токтогул ГЭСинин электротехникалык лабораториясынын инженери;

— Калыбеков Медербек Калыбекович — Токтогул ГЭСинин жабдууларын оңдоо боюнча 4-разряддагы электрослесары;

— Маматалиев Топчубек Мейманович — Таш-Көмүр ГЭСинин электромашина цехинин 4-разряддагы слесары;

— Надбагин Рафаиль Валиулович — «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун жылуулук тармактары боюнча начальнигинин орун басары;

— Оганов Шайлообек — Токтогул ГЭСиндеги электроцехинин 5-разряддагы электрослесары;

— Худайбердиев Исак Акбаралыевич — Азия өнүктүрүү банкынын «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорун жүзөгө ашыруу тобунун начальниги.

Пикир

Оставить комментарий