• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент: Энергетикалык коопсуздук — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү багыты

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Энергетикалык коопсуздук — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү багыты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, учурда энергетиканын өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүнө көрсөткөн таасири өсүп жатат. Электр энергиясы — калктын социалдык шарттарын жакшыртуунун жана экономиканы өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп калды.

Президенттин маалыматына караганда, энергетика тармагы мамлекеттин ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат.

«Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө — жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт. Ошондуктан энергетика тармагы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал эми энергетикалык коопсуздук — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү багыты. Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 млрд. килоВатт саатты түзөт, бул муктаждык жыл сайын өсүп жатат», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет.

Пикир

Оставить комментарий