• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Эсептөө палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 01.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров "КРнын Эсептөө палатасы жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

Пикир

Оставить комментарий