• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү иштерин улантууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 24.02.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомчулуктардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча пикирлерин талдап чыгуу зарыл экенин белгиледи.

«Мыйзамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өркүндөтүлүшү керек», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү боюнча ишти улантууга чакырды.

Бахтияр Салиев агенттиктин жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзөрүн белгиледи. Ал жергиликтүү коомчулуктар Жарлыкты жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча демилгени колдоп жатышканын кошумчалады.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кечээ, 23-январда өткөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму өлкөнүн бардык региондорунун динамикалуу өнүгүүсүн, мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү коомчулуктардын эриш-аркак байланышын камсыз кылуу боюнча конкретүү чараларды иштеп чыгуу үчүн жакшы аянтча болуп калганын да белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий