• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Фермердик чарбалар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда

Президент 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. «Фермердик чарбалар аймактардын тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуудан сырткары өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Москва районунун Петровка айылындагы «Таштан» фермердик чарбасынын ишмердиги менен таанышуу маалында.

Фермер Фархад Юсупов чарбасынын ишмердигинин негизги багыты мал чарбачылыгы жана сүт өндүрүү экенин маалымдады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Бүгүнкү күндө «Голштин» жана «Симментал» породасындагы уйдун жалпы саны 200гө жеткен. Күнүнө 1000 литрге чейин сүт өндүрүлөт.Ферманын айыл чарба техникалары «Айылбанк» ААКсынын насыялык колдоосу астында сатылып алынган.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү фермерлер менен баарлашууда жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эмгек миграциясын токтотууга өбөлгө болгон аймактардагы жеке ишкердикти өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы аталган фермердик чарбанын үлгүлүү ишмердигин канааттануу менен белгиледи. Жер-жерлердеги мындай чарбалардын жана ишкерлердин күч-аракеттери менен өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүшү үчүн шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Президент фермердик чарбанын жамаатына жаратман эмгеги үчүн ыраазычылыгын айтып, өлкөнүн кайра иштетүү өнөржайын, айрыкча сүттү кайра иштетүүнүн потенциалын көбөйтүү үчүн аймактардагы мындай ишкерлерди ар тараптан колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет сүт өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Муну менен жергиликтүү эл сүт азыктарын сатып өткөрүүсү үчүн кайра иштетүүчү заводдордун саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков чарбада иштеген жаш фермерлерге жеке иштерин ачып кетүүсүн каалап, ал үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин, өзүн-өзү өнүктүрүп кетүүнү каалоочуларга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду жана «Айыл банк» тарабынан жардам берилерин белгиледи. Алардын жетекчилери Мамлекет башчысынын өлкө аймактарына болгон жумушчу сапарларынын баарына катышып келишүүдө.

Ал бүгүнкү күндө аталган каржы институттарынын 70%дан ашык жеңилдетилген насыялары менен каражаттары айылдарга багытталганын эске салды. Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири катары экспортко багытталган ишканаларды колдоо аныкталганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков чарбанын директору Вахобжон жана фермер Фархат Юсуповдордун атасы Таштан Юсуповго татыктуу жана эмгекти сүйгөн уулдарды тарбиялап өстүргөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, алардын үй-бүлөсүнө жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий