• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент: Фермерлер келип чыккан кыйынчылыкка карабастан, ар дайым мамлекеттин жардамына ишенсе болот

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Берекелүү суу» коомдук бирикмесинин башкаруусундагы ири мөмө-жемиш багын көрдү. Бул тууралуу президенттинаппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Бирикменин жетекчиси Имар Саматов маалымдагандай, бактын аймагынын жалпы аянты дээрлик 100 га түзөт.

Бул жерде алма, жүзүм, малина, баткен өрүгүнүн көчөттөрү тамчылатып суугаруу ыкмасы менен өстүрүлөт.

450 жергиликтүү жашоочулар жумуш орду менен камсыз болгон.

Имар Саматов кошумчалагандай, коомдук бирикменин максаты жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуу жана алдыңкы айыл чарба технологияларын колдонуу менен сугат жерлерин өздөштүрүү жолу аркылуу жергиликтүү бюджетти жогорулатуу болуп саналат.

Аталган долбоор эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишке ашырылат.

Ошондой эле аймакта Европа өлкөлөрүнөн алынып келген жемиш бактарын ыңгайлаштыруу жана өстүрүү боюнча питомник уюштурулган.

Президент Сооронбай Жээнбеков фермерлер келип чыккан кыйынчылыкка карабастан, ар дайым мамлекеттин жардамына ишенсе болорун белгиледи.

Ал аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, каржы институттарынын — Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду» ААКнын ишмердүүлүгү, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө жана жер-жерлердеги ишканаларга артыкчылыктуу тартипте көмөк көрсөтөрү тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү айылдык ишкерлерге демилгелүүлүгү жана өз аймагын өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле жергиликтүү бийликти аларга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий