• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент фермерлердин өнүмдөрүн сатууга шарт түзүү жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. «Биздин дыйкандар, фермерлер базарга барам деп мүшөк менен жүрбөш керек, мал сатам деп жүрбөшү керек. Алар онлайн түрүндө үйүндө отуруп сата турган, баарын үйүнөн алып кете тургандай шарт түзүшүбүз керек. Менин максатым — президенттик мөөнөтүм бүткөнгө чейин ушуну ишке ашыруу», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы Нарын облусунда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарылдыгы көп жолу айтылганына карабастан ишканалар курулбай жатканын белгиледи.

«Азыр каражаттарды бөлүп атабыз. Ал жакта туризмди дагы, кайра иштетүү өнөр жайын дагы өнүктүрөбүз. Мен өзүм барып көрүп келдим. Сүт алуу боюнча Нарын облусунда, буйруса, бардык өндүрүлгөн сүт элден сатылып алынат. Биз келечекте ошого жетишебиз. Бул селекцияга, айыл чарбага да жакшы. Ошондой эле биз жүн, тери, этти элден сатып алып, кайра иштетүүгө жетишишибиз керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал башында бул максаттарды жүзөгө ашыруу оор болгонун кошумчалады.

«Башында оор болду, көбү түшүнгөн жок. Азыр көзөмөлдөнүп, системага тушүп жатат. Буйруса, 3 жылдан кийин жыйынтык бере баштайт. Мунун баары тең балдарыбыз үчүн, келечектин иши», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий