• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент футбол боюнча КР курамасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды (Сүрөт)

Президент 0

Бишкек, 31.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Сиздер эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана сиздерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок сиздер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент футболисттер дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи.

Ал тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи.

«Сиздер дүйнөнүн эң мыкты жүз командалардын катарына киргениңерге кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен сиздер 12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Сиздердей болгон спортчуларыбыз көбүрөөк болсун. 2019-жылы да Азия чемпионатында татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлейсиңер деп ишенем. 330 миң калкы бар Исландия командасы Англияны утканы баарыбыздын эсибизде. Баарыбызга ушундай ийгилик каалайм. Кыргызстандыктар сиздерден жаңы жеңиштерди күтүшөт!», - деп келип Сооронбай Жээнбеков спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды жана мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп ишендирди.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Кыргызстан Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков жаңы ийгиликтерге жетишүү менен Кыргызстанда футбол дагы бийик деңгээлге көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын белгилешти. Ошондуктан эми улуттук курама команда мамлекеттин колдоосуна муктаж.

Команданын оюнчулары болочоктогу маанилүү таймаштарда сөзсүз жакшы натыйжаларга жетишебиз деп Президентти ишендиришти жана ага символикалуу түрдө футбол тобун жана Футбол федерациясынын символдору тартылган сүрөттү тартуулашты.

Жогулушуунун соңунда катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий