• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Германияны фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория курууга чакырды

Экономика 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Бүгүн кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүгө чакырам, — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Ал баса белгилегендей, азыр Кыргызстан ВСП+ макамын алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат.

«Биз бул үчүн европалык тарапка ыраазыбыз. Ошого карабастан аталган инструментти толук кандуу колдонуу үчүн мында ары да бизге колдоо керек. Бүгүнү күндө кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстан жаңы типтеги жогорку технологиялуу, ыңгайлуу жана экологиялык таза өнөр-жайга муктаж. Биз жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз», — деп белгиледи президент.

Кыргызстан үчүн ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске германиялык инвестицияларын тартуу биз үчүн актуалдуу экенин баса белгилеп, Мамлекет башчысы бул максатта Кыргызстанда германиялык экономиканын өкүлчүлүгүн ачуу, стратегиялык кызматташтык боюнча ишкерлер Кеңешин түзүү зарыл экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий