• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: ГЭСтерди өз убагында модернизациялоо калктын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берет

Президент 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. «ГЭСтерди өз убагында модернизациялоо калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен туруктуу камсыздайт, ал өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө негиз болуп, адамдардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусундагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо менен таанышуунун жүрүшүндө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бүгүнкү күндө станцияда модернизациялоо иштери уланууда, реконструкциялоону толугу менен аяктоо 2022-жылга пландаштырылган жана аны менен Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугун көбөйтүүгө өбөлгө түзүлөт.

Мамлекет башчысы өлкөнүн негизги энергетикалык объектилерин модернизациялоо жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи.

Станциянын жалпы белгиленген кубаттуулугу 40 МВтты түзөрү айтылды.

Ат-Башы дарыясынын башаты деңиз деңгээлинен 4542 метр бийиктикте турат. Электр кубатын өндүрүү Ат-Башы дарыясынын көлөмүнө жана сарпталышына, ошондой эле негизги жана көмөкчү электр-механикалык жабдуулардын техникалык абалына түздөн-түз байланыштуу.

2020-жылдын 1-июлуна карата швейцариялык гранттан 647 млн сом жана «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКсынан 266 млн сом негизги жабдууларды жана башка муктаждыктарды сатып алууга жана алмаштырууга бөлүнгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы электр кубатын иштеп чыгуунун негизги булактары болуп саналган ГЭСтерди реконструкциялоонун маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий