• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылат

Президент 0

Бишкек, 10.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Илим жана техника жагында 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө Жарлыктын толук тексти:

«Илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечимдерин көңүлгө алып, токтом кылам:

  1. Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын жана «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилсин:

1) «Офтальмологиядагы заманбап жогорку технологиялуу методдор» кыргыз окумуштууларынын микрохирургиядагы теориялык иштеп чыгуулары жана практикалык тажрыйбасы« иши үчүн:

Джумагулов Олжобай Джумакадыровичке — И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору;

Ботбаев Алмазбек Аскеровичке — „Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Дикамбаева Марта Казыевнага — „Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Усенко Валентина Александровнага — Дордой офтальмик-сервис» көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Эшмамбетова Асизбекке — Дордой офтальмик-сервис« көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

2) Касым Тыныстанов атындагы сыйлык „Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо“ иши үчүн:

Джумабеков Сабырбек Артисбековичке — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

Анаркулов Бектур Суйоркуловичке — Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору;

3) „Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары“ иши үчүн:

Абдырахманов Толобек Абылович — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору;

Артыкбаев Мэлс Табалдыевичке — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору;

Курбанова Назира Умаровна — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э. Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору;

Маанаев Эгенберды Джумагулович — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет».

Пикир

Оставить комментарий