• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Индия менен БА өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Президент 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. “Биздин өлкөлөр ортосундагы жалпы тарыхый байланыштарды эске алуу менен кызматташтыктын жана достуктун гуманитардык өңүттөрүн сактоо жана өнүктүрүү абдан маанилүү. Эпидемиологиялык абал турукташкан сайын туристтерди алмашуу жанданат, Болливуд кинодолбоорлору Кыргызстанда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө башталат деп ишенем”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, онлайн форматтагы “Индия – Борбордук Азия” биринчи саммитинде сүйлөп жатып.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында Борбордук Азия менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты баса белгиледи. “Жалпы күч-аракеттин аркасында биз бул асыл жаныбарды, атактуу туран жолборсу менен болгондой жок болуп кетүүдөн сактап кала алдык”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы саммит жыйынтыгында кабыл алынуучу макулдашуулар жана тараптар тарабынан айтылган демилгелер “Индия - Борбор Азия” саммитине катышуучу мамлекеттердин алдында турган милдеттерди жана чакырыктарды чечет деген ишенимин билдирди.

Соңунда президент Садыр Жапаров мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индиянын премьер-министри Нарендра Модини жана дос Индия элин Республика күнү менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий