• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент иниси менен депутаттык мандатты тапшырууну талкуулаганбы? – Жээнбековдун жообу

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. КРнын президенти Сооронбай Жээнбековго журналисттер менен болгон жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында иниси Асылбек Жээнбеков менен депутаттык мандатты тапшыруу маселесин талкууланганбы деген суроо узатышты.

Мамлекет башчысы кабарлагандай, ал ЖМКдан өзү жана иниси тууралуу абдан көп маалыматтарды окуйт.

“Мен иним экөөбүз тууралуу жазылган бардык маалыматтардын жана жаңылыктарды окуйм. Мен түшүнөм, силер бирөөлөрдүн буйругун аткарасыңар. Бирок маалымат таратууда журналисттер бирөөнүн айтканына эмес, реалдуу фактыларга таянса деп ойлойм. Анын кадр башкарууга тийгизген таасири тууралуу мага фактыларды көрсөткүлө, анан мен аны текшерейин. Куру сөздөр менен ырастабай, фактыларга таянып, кесипкөй этиканы карманып жазсаңыздар”, - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий