• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр долбоорлордун жоктугун сындады

Экономика 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алып, өлкөгө тартып келгендеги негизги көйгөй катары инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр инвестициялык долбоорлордун жоктугуна көңү бурду.

Ошондой эле президент айрым инвестициялык долбоорлор бир нече жыл бою ишке ашпай турганын өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы инвестициялык чөйрөнү жакшыртууда жана бизнести жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуда кечиктирилгис реалдуу чаралар зарыл экенин белгилеп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну коштоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоонун маанисин белгилеп, Жээнбеков Агенттиктин инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына дайыма мониторинг жүргүзүп, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү учурунда өлкөнүн жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашырууда талаш-тартыштарды өз убагында аныктоо боюнча жумушту күчөтүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө активдүү катышуу керек.

Пикир

Оставить комментарий