• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент “Инвотер Солюшн Агро” ЖЧКнын Ысык-Ата районундагы инновациялык күнөсканасына барды

Президент 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Инвотер Солюшн Агро” ЖЧКнын Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан инновациялык күнөсканасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиясы жана күнөскана комплексинде киргизилип жаткан өндүрүштүк жаңылыктар көрсөтүлүп, 2019-жылдын мартында каттоодон өткөн “Инвотер Солюшн Агро” ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Негиздөөчүсү In-Water Solutions айыл-чарба корпорациясы, ал Корея Республикасынын Sungkyunkwan University Technology Holdings, Inc. туунду компаниясы.

Учурда Кореядан Кыргызстанга 6 миллион доллардан ашык түз инвестиция тартылган. Күнөсканалар инновациялык технологияларды колдонуу менен курулган акылдуу ферманын аркасында КМШнын башка өлкөлөрүнө айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүүгө болот.

Компания жакынкы эки жылда күнөскана багытында айыл-чарбасын өнүктүрүү үчүн Кореядан Кыргызстанга 10 миллион АКШ долларын тартууну пландап жатат, анда жаңы жумуш орундары түзүлөт, фермерлер бул багытта окутулуп, билими жогорулайт. Курамына логистикалык борборду, бөлүштүрүүчү борборду, айыл чарба азыктарын сорттоочу борборду, компост заводун камтыган прогрессивдүү агроөнөр жай комплексин түзүү пландаштырылууда. Ошондой эле мал чарба аянты, ачык талаа аянты жана башкалар болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары күнөскананын жетекчилиги бул комплекстин кызматкерлерин Кореяга окууга квалификациясын жогорулатууга жөнөтүүнү, ошондой эле Кыргызстанда башка тармактарды өнүктүрүүгө каражат тартууну пландоодо.

Заслушав информацию, президент выразил слова благодарности руководителю теплицы за передовой опыт, которым они делятся с кыргызстанцами.

Маалыматты уккандан кийин президент күнөскананын жетекчисине кыргызстандыктар менен алдыңкы таржыйбаларды бөлүшүп жатканына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугу дүйнөдөгү эң актуалдуу темалардын бири экенине өзгөчө көңүл бурду. Рыноктун талабына ылайык, айыл чарба продукциялары сезондо гана эмес, жыл бою берилиши керек. Ушуга байланыштуу мындай ишканаларга жана фермерлерге мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүү маанилүү, анткени бул калкты иш менен камсыз кылуу жана продукцияны экспорттоо булагы болуп саналат.

Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүндө кандайдыр бир суроолор жаралса, ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугу дүйнөдөгү эң актуалдуу темалардын бири экенине өзгөчө көңүл бурду. Рыноктун талабына ылайык, айыл-чарба продукциялары сезондо гана эмес, жыл бою берилиши керек. Бул жаатта мамлекет мындан ары да мындай ишканаларга, дыйкандарга дыкат көңүл буруп, керектүү жардамдарды көрсөтө бермекчи. Анткени бул калкты иш менен камсыз кылуу жана продукцияны экспорттоо булагы.

Өз кезегинде инвестор Кыргызстанда айыл-чарбасы өзгөчө орунду ээлей турганын, ошондуктан Корея бул жаатта эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, алар Кыргызстанда ушундай акылдуу айыл чарба комплексин түзө алганына кубанычта.

Пикир

Оставить комментарий