• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Ишибиздин максаты - өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү

Президент 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. «Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда.

Мамлекет башчысы конференциянын ишине катышып жаткандар менен жылуу саламдашып, тыгыз кызматташтыкка даяр экендиктерине ыраазылык билдирди.

«Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен ири долбоорлор ишке ашырылды. Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ири инфраструктуралык долбоорлорду колдонууга бердик. Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташуунун негизинде энергетика, жолдорду куруу, инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке киргизилди. Эл аралык валюта фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча арбын көмөк көрсөттү. Бириккен улуттар уюмунун агенттиктери Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө баа жеткис салымын кошту. Учурда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана экология маселери боюнча региондордо иш алып барышууда», — деди президент.

Өлкө башчысы таза суу жана ирригация долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдар аркылуу ишке ашырылууда, деп кошумчалады.

«Эки тараптуу негизде Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Түркия, Европа мамлекеттери, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт жана башка өлкөлөр менен иш алып баруудабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, бүгүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелерди бирге талкуулоо үчүн чогулуп отурушат.

«Бүгүнкү Форумду өткөрүү тууралуу чечимди былтыркы жолугушуубузда кабыл алдык эле. Ошондо донорлордун жардамын координациялоо боюнча диалогду күчөтүүнү жана сиздер менен туруктуу негизде жолугуп турууну чечкенбиз. Бүгүнкү Форумда өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн жакынкы келечекте кайсы багыттарга артыкчылык берилээри тууралуу сүйлөшүүнү чечтик. Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий