• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент ишкердик субъекттерин коргоо боюнча шашылыш жарлыкка кол койду

Коом 0

Президент Садыр Жапаров Москвада жана Нур-Султандагы ишкерлер менен жолугушууда компаниялар мыйзамдын алкагында корголо турганын, мындан ары мамлекеттик деңгээлдеги мыйзамга баш ийген бизнести коргоо күчөтүлөрүн билдирген. 4-мартта өлкөдө эки маанилүү окуя болду. Биринчиси, Садыр Жапаров өзүнүн убадасын ырастап, “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул жарлыкта мамлекет башчысы ишкердикти текшерүүгө мораторийди так сактоону жана ишкердик ишмердүүлүккө мыйзамсыз кийлигишкен коопсуздук кызматкерлерин кызматтан бошотууга чейин жоопко тартууну талап кылды. Экинчиси, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (финансы полициясын) жоюлду.

Эмне үчүн салык салуу кыйла олуттуу жана башка мыйзамдары биздикине салыштырмалуу либералдуу эмес коңшу өлкөлөрдө мыкты иштеп жаткан ири инвестициялар биздин өлкөгө келбей жатат? Балким ал жакта мейли катуу болсо дагы мыйзамдар иштеп жаткандыр, кепилдик бардыр, ал эми бизде азыркыга чейин жакшы мыйзамдар дагы иштебей келет. Качан гана мыйзамдар иштеп баштаганда, жоопкерчилик жана туруктуулук болушу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүп, кепилдик болгондо “таза” акча жана олуттуу инвесторлор келе баштаары шексиз.

Экинчи жагынан өлкөдөгү ишкердиктин 60%ы көмүскө иштей турганын эске алып, бизнестин эл алдында жана мамлекет алдындагы жоопкерчилигин ачык айтышыбыз керек. Мыйзам бузган бизнес – мындай бизнести коргогон коррупциячыл чиновник сыяктуу эле мамлекетке коркунуч туудурат. Эгер мыйзам бузса мейли ата мекендик же чет өлкөлүк бизнес болсун, ал мыйзам боюнча жооп бериши керек. Демек, инвестициянын кепилдиги чындыгында мыйзамды сактоо болуп саналат.

Президент Жапаров кол койгон жарлык кепилдик берет жана ишкерлердин ишмердүүлүгүнө керексиз кийлигишип, мамлекеттик бюджетке салык төлөөнүн ордуна башкаларга төлөөгө аргасыз болгон учурга жана мыйзамга ылайык таза иштөөгө бут тосууларга бөгөт коюуга багытталган.

Андан тышкары, укук коргоо органдары тарабынан ишкердикти текшерүүгө киргизилген мораторий режими мыйзамсыз ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, контрабандалык товарларды жана башка экономикалык кылмыштарды жасаган адамдарга жана жактарга камкордукту жоюуга багытталган.

Ошондой эле коррупциялык/кызматтык кылмыштарга тиешеси бар кызмат адамдарынын, ошондой эле экономикалык талаш-тартыштарда жарандык-укуктук мамилелерди кайра калыбына келтирүүгө катышкан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган.

Президенттин жарлыгы натыйжалуу иштеши үчүн бизнес коомчулугу жана бизнес-омбудсмен ак ниет бизнести текшерүүгө мораторийдин бузулгандыгы тууралуу ар бир фактыны билдирип турушу керек. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (ИИМ, УКМК, прокуратура) өз кезегинде өздөрүнүн басма сөз кызматтары аркылуу “көмүскө ишкерлер”, жашыруун салыктар, “көмүскө бизнести” коргогон чиновниктер жана күч кызматкерлери, коррупциялык байланыштар жана коррупциялык схемалар тууралуу коомчулукка толук маалымат берип туруусу абзел. Бул президенттин аталган жарлыгын ишке ашырууга жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарга болгон ишенимди көтөрөт.

Көз карандысыз эксперт Алмаз Ибраев

Пикир

Оставить комментарий