• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент ишкерлерге социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирди

Президент 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү посткризистик мезгилде калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы катуу чектөөлөргө карабастан, ишкерлер абалды түшүнүү менен кабыл алып, биринчи зарылдыктагы товарларды жана азык-түлүктөрдү жеткирип турушканын баса белгиледи.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоодо жардамыңарды аяган жоксуңар. Медиктерди жана башка тартылган кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоодо чоң жардам көрсөттүңүздөр. Социалдык жоопкерчилик алуу жана элибизге камкордук көрсөтүү менен — сиздер мамлекетибиздин эпидемияга каршы күрөшүнө өтө чоң салым коштуңуздар. Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жана ишкерлик чөйрө өкүлдөрүн кызыктырган актуалдуу маселелер жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарга токтолушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Жолугушууга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров катышты.

Пикир

Оставить комментарий