• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент кайсы маданий объекттер оңдолорун айтты

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кийинки жылдары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин жана "Бабур" атындагы театрды оңдоого каражат бөлүнөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынд өтүп жаткан жыл аягындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, учурда бир катар маданий объекттерде оңдоо иштери жүргүзүлдү.

"Совет доорунан бери ремонт боло элек "улуттук" деген макамы бар 3 театралдык мекемени оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Улуттук филармония, Опера жана балет театры, Ош драма театры капиталдык ремонттон өткөрүлдү", - деди ал.

Ал маданий объекттерге барып турарын жана ал жактагы маселелерди билерин айтып өттү.

"Кыргыз драма театрынын ремонту жүрүп жатат. Орус драма театрын ремонттоо жакында башталат. Кийинки жылдары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин жана "Бабур" атындагы театрды оңдоого каражат бөлүнөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий