• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент: Калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактардын баарын санариптештиребиз

Президент 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. «Калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактардын баарын санариптештиребиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы эки жылдан бери өлкөнү туташ санариптештирүү саясатын жүргүзүүнүн негизги максаты –жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактарда адам факторун, коррупциялык элементти кыскартуу.

Аталган саясаттын алкагында негизги көңүл калкыбыздын калың катмарын камтыган тармактарга бурулат: билим берүү, саламаттыкты сактоо, салык, бажы, ошондой эле элге социалдык кызмат көрсөтүү толугу менен санариптешет.

«Ушул гана жол менен биз өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир тийгизген коррупцияны кыскартып, азайта алабыз. Элди ашыкча, кереги жок түйшүктөн арылтып, ыңгайлуулуктарды түзө алабыз. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул дүйнөлүк практика. Биздин өлкө, албетте, абдан кеч баштадык, бирок акыркы эки жылда жарандарыбызга сезилерлик жылыштарды жасай алдык. Мындан ары да бул саясат жеке көзөмөлүмдө болот. Бул менин президенттик ишимдеги негизги багыттардын бири болуп саналат», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей алсак, ушул коронавирус пандемиясы билим берүү тармагын санариптештирүү процессин тездетти. Окутуу процесси толугу менен аралыктан окутууга өттү.

«Мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Баарыбыз тең көнүп калганбыз да. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп келгенбиз. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Баарыбыз тең көнүп калганбыз. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп келгенбиз.

Мына ушундан улам, албетте, ата-энелерибиз, айрымдары нааразы болушу мүмкүн. Баланы окутуудан тышкары башка үй тиричилиги бар, жумушта иштеш керек дегендей маселелер көп. Ошондуктан кээ бир наразычылыктар болууда», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, билим берүү жанан илим министринин маалыматына ылайык алгачкы чейрек аралыктан окутуу менен башталып, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө.

«Бирок, 1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдомун. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал жалпысынан айтканда, билим берүү тармагын санариптештирүү уланатыларын белгиледи.

Аны менен бирге саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүү күчөтөрүн белгиледи.

«Бала төрөлгөндө алчу документтер, мүлк сатып алып каттаган жана башка, айтор күнүмдүк тиричиликте көп түйшүк алып келген нерселердин баарын тең, адамдын кийлигишүүсүн санариптештирүү менен жоебуз деген ниетибиз бар. Буга дагы жогоруда айтылгандай катуу көңүл бурулат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасын санариптештирүүгө токтолду.

Жыл башында Өкмөткө, Мамлекеттик кадр кызматына бир канча багыттар боюнча милдеттер коюлуп, бул иштин өтөөсүнө чыгуу боюнча тапшырма берилгенин эске салды. Бул максатка жетишип, 1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер гана сунушталат.

«Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Ошондуктан биздин башкы милдет кадрларды тандоо процессине катышууну каалган адис тиешелүү билимге, тажрыйбага ээ болсо, анда ал сөзсүз жеңем деп сынакка ишенимдүү түрдө келгидей болушу керек. Кадр тандоо маселесине биздин жарандардын ишеничин толук алып келүүбүз керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий