• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент Камбоджанын премьерин өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 04.11.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Камбоджа Королдугунун Премьер-министри Хун Сенди өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады.

«Камбоджа Королдугунун улуттук майрамы — Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.

Биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн ортосундагы зор потенциалга ээ болгон мамилелер саясий өз ара ишенимдин жана урматтоонун алкагында мындан ары да чыңдала берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Хун Сенге ийгилик, чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Камбоджа элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий