• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Карапайым элдин басымдуу бөлүгүн колдоо – менин жүрөгүмдөгү иш

Президент 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

"Мамлекеттин өнүгүүсүнө социалдык жоопкерчиликтин мааниси терең"

"Экономикада кандай гана өсүштөрдү айтпайлы, чындыгында, элибиздин басымдуу бөлүгү ортодон ылдый деңгээлде жашаарын эч кимден жашыра албайбыз. Эл президенттен эмнени сурайт? Албетте, пенсия, жөлөкпул, айлыктарды көтөрүүнү, турак жай менен камсыздоону, документи жок үйлөрдү документтештирүүнү, жерлерин трансформациялоону суранат.

2022-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандарга, “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпул алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 50 тыйынга түшүрдүк. Калган айырмасын Аткаруу бийлиги төлөп бере турган болгон. Бул демилге 112 миң үй-бүлөнү камтыйт.

Балдар үйү, карылар үйүнө барганда тамактануусун жакшыртуу боюнча чечимди жеринде кабыл алып, тамагына бөлүнгөн каражатты 110 сомдон 220 сомго көтөрдүк.

2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөнбөй турган болду. Дыйкан-фермерлерге 6% менен насыялар бериле баштады. Ипотеканын проценти 4кө түштү. Документи жок үйлөрдү документтештирүү, жерди трансформациялоо жаатында жылдап чечилбей келе жаткан элдин көйгөйү чечилүүдө.

2022-жылдын апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн эмгек акыны өлкөнүн тарыхындагы эң масштабдуу жогорулатуу болду, ошондой эле социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2–3 эсеге көбөйтүлдү. 1-августтан тартып бюджеттик чөйрөнүн айлыктарын, 1-октябрдан тартып пенсияларды көтөрүүгө кошумча каражаттар жумшала турган болуп жатат.

Нет описания.

Жөлөк пулдар 1-октябрда, 1-январда, 1-июнда 3 жолу көтөрүлдү:

  • 810 сом “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул 2016-жылы коюлган, ошондон бери көтөрүлгөн эмес болсо, азыр 1300 сомго чейин жетти. Бул пособие — 364 200 жанга берилет.
  • жетим балдарга каралган акча 3 жолу көтөрүлдү—Кыргызстанда мындай 18 900 бала бар.
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 4000 сом алчу, азыр 8000 сомдон алышат. Мындай адамдар бизде 70 миң.

Пикир

Оставить комментарий