• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Кемпир-Абад боюнча маалыматтарды бурмалоого ниеттенгендердин аракеттери ишке ашкан жок

Президент 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайда сүйлөп жатып, Кемпир-Абад маселесине токтолду.

Жапаров Кемпир-Абад маселеси боюнча элдин калың катмарына түшүндүрүү иштери жүргөндүгүн айтты.

"Аталган маселеси боюнча ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын жергиликтүү элге дагы, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге дагы ийне-жибине чейин чечмелеп түшүндүрүп бердик", - деди ал.

Президент чек ара маселеси эки жол менен гана чечиле тургандыгын билдирди: бири – тынчтык жолу менен сүйлөшүп, тил табышып, алмашуу жолу, экинчиси – согушуп жеңип алуу. Бул дүйнө жүзүндө тээ байыртан бери келаткан кеңири тараган ыкма.

"Чек араны чечүүдө Кыргызстан демократиялуу, укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем туруп келет жана мындан ары дагы дал ушундай позицияны карманат. Ал эми бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоого ниеттенгендердин аракеттери ишке ашкан жок", - деди өз сөзүндө президент.

Мамлекет башчы эл арасында чек аранын Кыргызстандын пайдабызга чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттуу, билимдүү жарандарын көп экендиги кубандырат деди.

"“Чубактын кунундай” чубалжытпай, дагы канча кагылыштарга себеп кылбай, чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем!", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий