• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КР өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министр Самат Кылжыев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев ант беришти.

Мамлекет башчысы өкмөттүн жаӊы мүчөлөрүн өмүрүндөгү маанилүү окуялардын бири — ант берүүсү менен куттуктап, ант — бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы зор жоопкерчилик экенин белгиледи. Ал муну эч убакта унутпай, дайыма антына бекем туруп иштеп берүүсүнө чакырып, иштерине ийгилик каалады.

Мындан тышкары, президент депутаттарга кайрылып, алар менен өлкөдө болуп өткөн ШКУнун Саммити, КЭР төрагасынын мамлекеттик визити, Монголия жана Индия лидерлеринин расмий визиттери сыяктуу эл аралык маанидеги чоң саясий иш-чаралардан кийин жолугуп жатканын белгиледи.

«Бул визиттердин Кыргызстан үчүн саясий жана экономикалык мааниси өтө чоң. Бул иш-чаралар өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн көтөрдү. Элибиздин биримдигин, намыстуулугун, мекенчилдигин дагы бир жолу ааламга даңазалады. Иш-чараларды уюшкандыкта өткөрүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары да катышышты. Учурдан пайдаланып, сиздерге терең ыраазычылык билдиргим келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал жакында депутаттар каникулга чыгаарын эске салып, эл менен жолугуушуларды өткөрө турган мезгилде иштиктүү жолугушууларды өткөрүүнү, ал эми Кыргызстанга ынтымак, тынчтык каалады.

Пикир

Оставить комментарий