• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Конституциянын жаңы долбооруна жоопкерчилик ала тургандарды атады

Президент 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Азаттык» үналгысына берген маегинде Конституциянын жаңы долбооруна жоопкерчилик ала тургандарды атады.

Мамлекет башчынын айтымында, Баш мыйзамдын демилгеленген жаңы долбооруна 98 адамдан турган Конституциялык кеңешме жоопкерчилик алат.

Ал президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда Конституциялык кенешменин курамын түзгөн, анда 70ке жакын адам болгонун белгиледи.

«Бирок кийин кеңешме ачык болгондуктан ал жакка каалагандардын бары кирип, курам 98 адамга жеткен. Алар даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна беришти. Ал эми Жогорку Кенеш эч кандай өзгөртпөстөн референдумга койду. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө, андан кийин Жогорку Кеңешке, андан кийин гана элге жүктөлөт. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот. Бирок мен эл каршы болбойт болушу керек деп ойлойм, анкени алар саясатты жакшы билип калды»,-деп түшүндүрдү президент.

Пикир

Оставить комментарий