• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент конструктивдүү мүнөздөгү мамилелерди карманат - эксперт

Коом 0

Жакында эле IRI уюму жасаган изилдөө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тышкы саясий ишмердикти жакшы түзө алганын көрсөтүп турат. Өлкө үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташууну арттыруу, бир катар маанилүү документтерге кол коюу жана дипломатиялык мамилелерди түзүү ага далил боло алат. Жээнбековдун Кытайга жасаган сапарынан кийин эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы деңгээлге чыкканы да бир топ маанилүү. Ошондо Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү эстафетасын алган.

Кыргызстандын тышкы саясаты кандай өзгөргөнү тууралуу "Кабар" агенттигине эксперт Игорь Шестаков айтып берди.

"Биринчи Казакстан менен болгон мамилени эске түшүрүү керек. Президенттик шайлоо маалында кошуна мамлекет менен саясий кризис болгон. Негизинен, ал Атамбаевдин Казакстандын бийлигинин аракеттерине карата катуу сындарынан улам түзүлгөн. Ал кризис биздин жүк ташуучуларыбызга кедерги болуп, алар көп убакытка чейин продукцияларды ташый албай калышкан. Ал 2 айга созулду. Биздин жүк ташуучулар ишин токтотуп турууга мажбур болушкан. Бул бир топ кыйынчылыкты жараткан. Жээнбековдун президент катары биринчи сапары Астанага жасалган. Андан кийин абал ар түрдүү эл аралык аянтчаларда чечилген. Жээнбековдун келиши менен абал чынында өзгөрдү. Арийне кайсы-бир маселелер калып жатат. Бирок, президент бардыгы үчүн иштей албайт эмеспи. Учурда кошуна өлкө менен мамилебиз жакшы. Бул Жээнбековдун аркасы менен болду. Анын убагында кызматташуунун жаңы багыттары түзүлдү. Ал конструктивдүү мүнөздөгү мамилелерди карманат", - дейт ал.

Андан тышкары, ал Бээжин менен мамиленин жакшырганын белгиледи. Себеби, коррупциялык чырдан кийин көп терс нерселер чыгып кетти.

"Сооронбай Жээнбеков ал Кыргызстан менен Кытайдын көйгөйү эмес, ички саясаттагы иш экенин көрсөттү. Ошондуктан Жылуулук электр борборун модернизациялоонун айланасында териштирүүлөр жүрүүдө. Президенттин позициясынын орду чоң болду. Анткени, жалпысынан Кытай менен мамилебиз жакшы эмеспи. Учурда жеңилдетилген визалык тартип боюнча маселени чечүү зарыл. Мамиле мындан да натыйжалуу болушу үчүн визасыз тартип болууга тийиш", - деди эксперт.

2018-жылдын аягында Эл аралык республикалык институттун (IRI) буюрутмасы менен сурамжылоо жүргүзүлүп, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен мамилесин баалоо сунушталган.

Ал изилдөөнүн жыйынтыгында, суралгандардын көпчүлүгү Кыргызстан менен Россиянын мамилесин жакшы деп баалашкан - суралгандардын 97%ы.

Казакстан менен мамиле жакшы экенин 87% айтса, 7% гана кошуна өлкө менен мамиленин начар экенин билдирген.

Ошондой эле, суралгандардын 69%ы Кыргызстандын Түркиянын менен мамилеси жакшы десе, 8%ы жаман мамиледе деген пикирде.

2018-жылы Өзбекстан менен мамиле жакшырды дегендер 62% болсо, 18% мамиле начар деген оюн айткан.

Сурамжылоого катышкандардын 59%ы Европа биримдиги менен мамиленин дурус экенин билдирсе, 41% суралгандар Япония жана Тажикстан менен мамиле жакшы деген ойдо.

Ошондой эле, жооп бергендердин 39%ы Кытай менен мамиле жакшы десе, 30% Америка менен мамиле дурус деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий