• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0


Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Айрым саясатчыларыбыздын ашынган амбициясынан улам жарандарыбыздын тынч жашоосуна, мамлекетибиздин тынчтыгына бүлүк салынды.

Саясий чакырыктар менен биргеликте өлкөнүн биримдигине, коомдун тынчтыгына доо кетирген чагымчыл чакырыктар жасалды.

Кыргызстаныбыздын тагдыры коркунучка кептелди.

Кадырман калкым,

Элибиздин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбош керек.

Ошондуктан, өлкөбүздүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилди.

Бүгүн атайын Жарлыкка кол койдум.

Конституциялык укуктарымдын алкагында Президент катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасайм.

Мени өлкөнүн акыл-эстуу жарандары толугу менен колдойт деп ишенем.

Сыртта карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы.

Антпесе, мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу реалдуу болуп турат.

Жараткан Кудайым сүйүктүү Кыргызстаныбызды өзү колдоп, элибиз аман болсун!».

Пикир

Оставить комментарий