• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Кооперативдерди өнүктүрүү боюнча Германиянын тажрыйбасы КР үчүн пайдалуу

Президент 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Германияга расмий визитинин алкагында өткөн ар түрдүү иш-чараларда сүйлөгөн сөздөрүндө президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба секторунда кооперативдерди өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

«Кооперативдерди өнүктүрүү боюнча Германиянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу», — деп билдирди Жээнбеков Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, Баварияда кооперативдер системасы кеңири өнүккөн, ар бир төртүнчү киши кооператив мүчөсү болуп саналат.

Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушуусунда Германиядагы кооперативдерге өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Флориан Херман Президенттин кооперативдерге карата көңүл бурганын жогору баалады жана аталган тармакта тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

«Биз биргелешкен долбоорлорду ачууга жана германиялык жана бавариялык өнөктөштөр менен кооперативдерди түзүүгө максималдуу колдоо көрсөтөбүз. Ушул күндөрү биз Германия кооперативдеринин улуттук союзу жана Кыргызстандын кооперативдер союзу ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу пландаштырылууда. Бул биргелешкен долбоорлорду жана инновациялар менен инвестицияларды ишке ашыруу үчүн жана кооперативдер системасында адистерди окутууда укуктук негиз болот», — деп кошумчалады Жээнбе ков.

Мамлекет башчы белгилегендей, бул системанын германиялык тажрыйбасы Кыргызстанда 1998-1999-жылдары киргизилген. Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты болуп тургандагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, Парламент депутаттары жана ата мекендик фермерлер менен биргеликте Германияга келип, кооперативдер кыймылын изилдеген.

«1998–1999-жылдары Германияга келгенибиз оң жыйынтыктарды берген. Биз Кооперативдер жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алдык. Анын жыйынтыгында өлкөдө айыл чарба тармагында 150гө жакын кооперативдер уюштурулган. Кыргызстанда ошондой эле кредиттик кооперативдер бар. Бул дагы биздин өлкөдө ишке ашырылган Германиянын тажрыйбасы», — деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий