• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: «Коопсуз шаар» - пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес

Президент 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоору ишке активдүү кирип жатат. Бул долбоор — Өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында билдирди.

Анын айтуусунда, долбоор ишке киргенден тартып жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайды. Ал эми жол кырсыгынын саны эки эсеге жакын кыскарды.

"Сот системасын, прокуратура органдарын санариптештирүү жүрүп жатат. Бул чөйрөлөрдө ачык-айкындуулук орнотула баштады. Социалдык чөйрөнү санариптештирүүдө айрым жетишкендиктер орун алды. Электрондук китеп, электрондук кезек, мобилдик түзүлүш аркылуу төлөмдөр сыяктуу жаңылыктар пайда болду. Адистердин жана жетекчилердин санариптик квалификациясын көтөрүүгө багытталган масштабдуу окутуулар жүрүп жатат", - деп билдирди өлкө башчысы.

С.Жээнбековдун пикиринде, санарип технологиясынын маанисин жана пайдасын түшүнүп, бул процесске катышкан жарандардын катары өсүүдө.

"Алардын мамлекеттик органдар менен болгон байланыштарында чиновниктин катышуусу азайып, техникалык каражаттарды пайдалануу арбындоодо", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий