• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү - коюлган тапшырмалар

Президент 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий