• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетикалык тармактын негизги көйгөйлөрүн белгиледи

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу маселесин кароо алдында тармактын негизги көйгөйлөрүн белгиледи:

«Мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карап чыгуу сунушталат.

Мамлекеттин энергетикалык коопсуздугу заманбап шарттарда улуттук коопсуздукту түзүүчү маанилүү бөлүктөрдүн бири жана түз маанисинде экономиканын кыймылдаткычы болуп саналат.

Заманбап технологияларды өнүктүрүү, экономиканын өсүшү жана калктын күнүмдүк керектөөлөрүн канааттандыруу, ушунун бардыгы электр энергиясын берүү менен камсыздалат.

Бирок алардын бардыгы өлкөнүн экономикасынын бардык тармактарына жана калкка энергияны берүүнүн үзгүлтүксүздүк жана ишенимдүүлүк шарттарында гана мүмкүн болот.

Дал ушундан улам биз бүгүн энергетикалык коопсуздук маселесин талкуулап жатабыз жана калкты, өлкөнүн экономикасын электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган бир катар чечимдерди кабыл алышыбыз керек.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Энергетикалык тармак азыркы учурда терең кризисте турат.

30 жыл бою мурдагы жетекчилер тарабынан энергетика тармагына кош көңүл мамиле болуп келген.

Анын натыйжасында орун алган критикалык көйгөйлөр айтылбай келген, алар бизди бүгүнкү күндөгү кырдаалга алып келишти, биз кайсы учурда болбосун энергетикалык коллапстын жеткен чегинде болуп калышыбыз мүмкүн.

Башкаруунун натыйжасыз системасы, коррупция, өнөкөткө айланган толук каржылабагандык, отун алуу секторлорундагы техникалык жана технологиялык артта калуулар, отундун импортунан көз карандылык, керектөөнү реалдуу эсепке алуунун өркүндөбөгөнү, техникалык жана өндүрүштүк жоготуулардын жогорку коэффициенти, электр энергиясын уурдоо — бул Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагы туш болгон көйгөйлөрдүн бир гана бөлүгү.

Мунун бардыгы ондогон жылдар бою улантылып келген.

Электр станцияларынын жана түйүндөрүнүн негизги жабдууларынын эскирүү деңгээли 50%дан жогору.

Гидроэлектрстанциялардын айрым агрегаттары 30-40 жылдан ашык иштетилип жатат.

Натыйжада, бөлүштүрүү компанияларынын түйүндөрүндө электр энергиясынын жоготуулары 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыктары боюнча — миллиард киловаттан ашкан.

2021-жылдын башында электрэнергиясын керектөөнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында анын тартыштыгы 3 миллиард киловатт түзөөрү божомолдонгон.

Аны менен биздин муктаждыктар үчүн 2 миллиард киловатт саатты сатып алуу жөнүндө биздин коңшулар менен макулдашууга (өтө кыйынчылыктар менен) жетише алдык.

Ошол эле учурда электр түйүндөрүнүн натыйжасыздыгынан жана эскирүүсүнөн улам биз жылына 3 миллиард киловатт жоготуп жатабыз.

Энергетика системасынын айрым негизги түйүндөрүн модернизациялоого жана реконструкциялоого карабастан, жалпы көрүнүш көңүл соороторлук эмес абалда калууда.

Жыйынтыгында энергосистемадагы авариялар жана ар кандай окуялар жыл сайын өсүп жатат жана күнүмдүк көрүнүш болуп калууда.

2021-жылдын он айы ичинде өлкөдө 4 110 жерде авариялык өчүрүүлөр болгон, бул күнүнө 14 өчүрүүгө туура келет.

Бул статистикалык маалыматтар, бул биз кош көңүл карап тура албаган фактылар, түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн азыр чараларды көрүүгө милдеттүүбүз.

2021-жылдын 11-ноябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 67 миллион куб метрди түздү, бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2 миллиард 900 миллионго аз.

Кыргыз Республикасы жетишээрлик суу-энергетикалык ресурстарга ээ жана алардын запасы боюнча Борбордук Азиялык региондо лидерлик абалдын бирин ээлеп турат.

Ага карабастан, климаттык шарттар, Нарын дарыясынын бассейнинде суу агымынын аз болуу циклинин мезгилдүү болуп турушу жана өлкөнүн жетишээрлик ишке киргизилбеген гидроэнергетикалык потенциалы бүгүнкү күндө электр энергиясынын өсүп жаткан ички керектөөсүн жабууга жана республиканын региондорунда жаңы ири өндүрүш долбоорлорун ишке киргизүүгө мүмкүндүк бербей турат.

Бүтүндөй алганда, Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт-саатка бааланат, бирок биз болгону бул потенциалдын 10%ын гана пайдаланабыз.

Ошол эле учурда Токтогул ГЭСи жана бир катар башка гидроэлектр станциялары өздөрүнүн болгон мүмкүнчүлүгүнүн чектеринде пайдаланылып жатат.

Муну менен бирге, кубаттуулугу 1 860 мегаватт болгон Камбарата ГЭС-1ин куруу маанилүү долбоорун ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдар жасалган эмес.

Ошондой эле, азыркы учурга чейин Жогорку-Нарын каскад ГЭСинин, Сары-Жаз ГЭСинин, Казарман каскадынын ГЭСинин жана Миң-Куш көмүр кени чыккан жерде ЖЭС нын курулушунун келечектүү долбоорлорун ишке киргизүү боюнча чаралар ишке ашырылган эмес.

Мунун бардыгы энергетика секторундагы жалпы көрүнүштү татаалдаштырып турат.

Баланска салынбаган тарифтик саясаттын кесепетинен жана инвестициялардын жоктугунан энергетикалык сектор финансы каражаттарынын өнөкөткө айланган тартыштыгын башынан өткөрүп жатат.

2021-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча энергетикалык компаниялардын жалпы карызы дээрлик 134 миллиард сомду түзөт.

2023-жылдан тартып займдар боюнча төлөмдөр жыл сайын 13-14 миллиард сом деңгээлине жетет жана ал 2035-жылга чейин созулат.

Бул болжол менен энергосектордун бир жылдык бардык кирешелеринен 50% жогору.

Бул чыгымдардын ордун жабуу үчүн бардык энергосектордун жана бүтүндөй тармактын ишине болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүү зарыл.

Эгерде азыр чара көрбөсөк, эртең кеч болот.

Эртең биз баарыбыз жылытылбаган үйдө чырак жагып алып, караңгыга чөмүлгөн шаарларды жана көчөлөрдү карап отуруп калышыбыз мүмкүн.

Азыртадан эле эсептөөлөр жүргүзүлүп, такталгандай, жылытуу мезгилин өткөрүү үчүн отундун импортуна жана аны сатып алууга чыгымдардын, кредиттердин ордун жабуунун суммасы, оңдоо-эксплуатациялоо чыгымдары жана капиталдык салымдар 25 миллиард сомду түзөт, ал эми киреше бөлүк 20,7 миллиард сомду түзөт.

Ошентип, пландалуучу тартыштык 4,2 миллиард сомду түзөт.

Тартыштыктын ордун толтуруу максатында 2,3 миллиард сом суммасында бюджеттик кредит бөлүнүп берилген.

Бирок көрүлүп жаткан чараларга карабастан, отун ресурстарын сатып алууга тартыштык бир жарым миллиардга жакын сомду түзөт.

Бул көйгөйдү, мен белгилеп кеткендей, азыртадан чечүү керек.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн көңүлүн майнинг-фермаларга бөлгүм келет.

Азыркы учурда, мыйзам боюнча алардын ишмердигине тыюу салынган эмес, бирок, ошол эле учурда ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун коркунуч алдына коюуда.

Белгилүү болгондой, майнинг-фермалар ири өлчөмдөгү электр энергиясын керектейт.

Бир майнинг-ферма электр энергиясын бир нече ишканадай эле керектейт.

Бул болсо, электр энергиясы тартыш болуп жаткан шартта туура эмес.

Ал эми ошол эле учурда жөнөкөй элге жана стратегиялык объекттерге электр энергиясы жетишсиз болуп жатат.

Ушуну эске алып, Министрлер Кабинети укук коргоо органдары менен биргеликте майнинг-фермалардын көйгөйүн кыска мөөнөттөрдө чечүүсү зарыл.

Балким келечекте, биз энергиянын бүтүндөй тартыштыгын толугу менен жапканда жана профицитке чыкканда биз бул маселени жөнгө салып, алардын ишмердигине уруксат бере алабыз.

Өнүгүүнүн азыркы этабында — анын убактысы келе элек.

Азыркы учурда менин тапшырмама ылайык, энергетика министри тарабынан энергетикалык тармакты реформалоо боюнча бир катар сунуштар даярдалган, алар орто мөөнөттүү келечекте бизге орун алган кыйынчылыктарды жеңүүгө жана биздин энергетикалык потенциалды толук өнүктүрүүгө жардам берет!!!»

Пикир

Оставить комментарий