• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу: Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек

Президент 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде коронавируска байланыштуу кырдаалга жарандардын көңүлүн бурду.

«Шайлоо менен алек болуп, азыр партиялар да, Өкмөт дагы, албетте, бул саясий ишке алагды болушууда. Бирок, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, ооруну жуктургандар көбөйө баштады. Коңшу өлкөлөр, алыскы өлкөлөр тартип, эрежелерин катуулатып жатат. Ошондуктан биз дагы маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо, көпчүлүк чогулган жерлерге барбоо сыяктуу элементардык эрежелерди унутпай, аларды бекем кармашыбыз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Партиялар адамдарды көп топтоп алып, үгүт ишин жүргүзүп жатышканын өкүнүү менен кошумчалап, Өкмөттүн Республикалык штабы, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керектигин айтты.

Мамлекет башчысы жарандарды өзүн-өзү коргоо чараларын сактоого чакырды.

«Сактанганды Кудай сактайт» деген сөз бар го, ар кимибиз биринчи өзүбүзгө, балдарыбызга, үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга жооптуубуз. Ар кимибиз биринчи өзүбүз сактансак, ошондо жакындарды сактайбыз. Ошол үчүн буга кайдыгер мамиле кылбай, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий