• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Коронавируска каршы дүйнөдө биринчи эмдөө катталганы вирус менен күрөштө адамзат үчүн чоң бурулуш учур болуп саналат

Президент 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. «Кечээ жакында Россиянын Президенти Владимир Путин коронавируска каршы дүйнөдө биринчи эмдөө катталгандыгын жарыялады. Бул вирус менен күрөштө адамзат үчүн абдан чоң бурулуш учур», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы эмдөө натыйжалуу болуп, бүткүл дүйнө элин бул илдеттен арылтат деген үмүтүн билдирип, кыргызстандыктардын жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясын бул маанилүү окуя менен куттуктады.

Инфекция менен күрөш башталган алгачкы күндөн тартып, Россия Федерациясы, Президент Владимир Путин жеке өзү чоң колдоо көрсөткөнүн баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ушул татаал мезгилде өлкөнүн өнөктөштөрү менен өз ара колдоо жана жардам берүү күчөгөнүн өзгөчө белгиледи.

«Биз алыскы, жакынкы өнөктөш мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын чоң колдоосун сездик. Кыргызстан элинин атынан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий