• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөбөөгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатка жамынып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөбөөгө чакырды.

Эгерде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кимиси Коопсуздук кенешинин бүгүнкү жыйынынын чечимдерин «бөрк ал десе, баш ал» принцибине салып, бизнести муунтууга, жарандардын укуктарын бузууга пайдалана турган болсо, ал катуу жазаланарын өзгөчө баса белгиледи.

«Чындык эртедир-кечтир билинет. Эч ким билбей калат деп ойлобогула. Кайталап айтам: коррупцияга каршы күрөштө биринчи кезекте силер таза болууга милдеттүүсүңөр», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий