• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент коррупцияга каршы күрөштө жарандык сектор менен иштешүүгө даяр экенин айтты

Коом 0

Бишкек, 19.07.18 /Кабар/. Жарандык сектордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жана коррупциялык схемаларды аныктоодо жарандык коом менен иштешүүгө даяр экенин ырастады. Бул жакшы билдирүү. Мындай пикирин эксперт Шерадил Бактыгулов президенттин жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айткан сөздөрүнө карата билдирди.

Саясат таануучу президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусу коррупцияга каршы күрөштүн көп пландуу компоненттеринин бири экенин белгиледи.

“Президент бул багытта ырааттуулук менен максатка карай бара жатат. Бул тармакта өткөрүлүп жаткан Коопсуздук кеңешинин отурумун, ай сайын болуп жаткан сүйлөшүүлөрдү карап көрсөк, ал коррупцияга каршы күрөш тармагында пландын негизинде жана ырааттуулук менен иш алып барууда. Албетте бул жерде жарандык коомго жакшы роль берилген. Жарандык сектор ким кайсы схеманын катышуучусу экенин жана кайсы чиновник таза эмес экендиги тууралуу билдире алат. Анткени мамлекеттик органдарда схемаларды аныктай ала турган адамдар жок, жана көп учурда өздөрү да катышып калышат”, - деди Бактыгулов.

Ал жарандык сектор менен мамлекеттик органдардын иштөө форматына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, мамлекеттик түзүмдөрдө бул максатта түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештер бар, бирок алар толук кандуу иштешпейт.

“Бул жакшы билдирүү. Себеби системалык коррупция жоголот. Жарандык коомдун дагы бул жерде жакшы ролу бар. Алардын ролу коррупциялык иш-аракеттер жана мыйзам бузуулар тууралуу белги берүү”, - деди Бактыгулов.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттик орган болобу, өкмөттүк эмес уюм болобу, эмгектенген жерибизге карабай, баарыбыздын теӊ түпкү максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу, жалпы мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечегине кызмат кылуу экенин баса белгиледи. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталат, максаттар ачык-айкын болот. Мындай өнөктөштүк иштин ийгилигине өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий