• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент КР геология кызматынын түзүлүшүнүн 80 жылдык майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков геология тармагынын ардагерлерин жана кызматкерлерин геология кызматынын түзүлүшүнүн 80 жылдык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын геология тармагынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын геология кызматынын түзүлүшүнүн 80 жылдык майрамыңыздар менен куттуктайм!

Учурда тоо кендерин иштетүү тармагында эмгектенген 18 миңден ашуун жумушчулар өлкөбүздүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп жатышат. Айрыкча республикабыздын региондорун өнүктүрүү багыты геология тармагы менен түздөн-түз байланышта.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык жакын арада тоо-кен казып алууда натыйжалуу өсүшкө жетишүү максатында айлана чөйрөгө чектелүү таасир тийгизген тоо кен казуудагы заманбап технологияларды ишке киргизүү милдети турат. Ошондон улам жер казынасын пайдалануу жана геологиялык чалгындоо иштери тармагындагы адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү колдоого алуу — өтө маанилүү милдеттерге кирет.

Муундан муунга өтүп топтолгон республиканын тоо кен казып алуу тармагындагы ардагерлердин кайталангыс тажрыйбасын толук колдонуу ишти алга илгерилетүүгө өбөлгө болот.

Урматтуу геологдор, сиздердин демилгелүү жана кайратман ишиңиздер, илимий жана чыгармачылык мамилеңиздер менен мамлекетибиздин геология тармагы мындан ары дагы ийгиликтүү өнүгөт деп ишенем.

Сиздерди 80 жылдык мааракеңиздер менен дагы бир ирет куттуктап, чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Түйшүктүү жана маанилүү ишиңерди ийгилик коштоп жүрсүн!»

Пикир

Оставить комментарий