• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент «КР Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

2020-жылдын июлунда «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди, анын негизги максаты расмий статистика жаатында БУУнун негиз болуучу принциптерине толук ылайык келтирүү менен жогорку сапаттагы расмий статистикалык маалыматтарды жүргүзүү үчүн мыйзамдык негизди түзүү болуп саналат.

Мыйзам улуттук статистика тутумунун уюштурулушун жана иштешин жөнгө сала турганын, Кыргыз Республикасында расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди түзөөрүн эске алуу менен расмий статистиканын жетектөөчү жүргүзүүчүсү катары Улуттук статистика комитетинин алдында жаңы маселелерди, функцияларды, укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле жаңылоону жана учурда колдонуудагыларды кайра карап чыгуу коюлган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статусу жана ыйгарым укуктары аныкталат, комитеттин өзүнүн жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишмердигин ичтен уюштуруусу жана тартиби, башка уюмдар жана жарандар менен болгон өз ара мамилелери, расмий статистика чөйрөсүндө, анын ичинде улуттук статистика тутумундагы укуктары жана милдеттери жөнгө салынат.

Пикир

Оставить комментарий