• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент: “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим

Президент 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда “Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибергенин жазды.

«"Кумтөр" алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», - деп билдирүү калтырган президент.

Пикир

Оставить комментарий